Пилоттор Путиндин учагын Бишкекке коюу туманда кантип кондурганын айтышты. Видео

Жазылуу
"Россия 1" телеканалы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бишкекте өткөн саммитинин кадр артында калган учурларын көрсөттү.

Россиянын президенти Владимир Путиндин учагы "Манас" аэропортуна коюу туманга карабай конгону атайын материалда баяндалган. Журналист аба ырайынан улам башка учактар Алматыга барып конгонун айткан. Керек болсо Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун учагы да Алматынын аэропортуна конууга аргасыз болуп, министр жыйынга ортолоп калганда үлгүрүп келген.

Бишкектеги маанилүү иш-чара кандай өттү. ЖККУ саммитинин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги маанилүү иш-чара кандай өттү. ЖККУ саммитинин видеосу
Президенттин учкучтары тобокелчиликке барбаганын, болгону бул профессионалдуулук гана экенин айтышты.

Материалда саммит учурунда кадр артында калган ирмемдер дагы көрсөтүлгөн. Мисалы, Армениянын президенти Никол Пашинян документтерге коюлган президенттердин колун смартфонуна тартып алган. Андан сырткары, президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчыларына арналган сый тамагы да көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Бишкекте 28-ноябрда ЖККУнун саммити өтүп, анын жыйынтыгында 15 документке кол коюлган. Быйылкы саммитке Кыргызстан төрагалык кылып, 2020-жылы кезек Россияга өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0