Кокусунан табылган олжо. Кабыландын антилопаны баса калган видеосу

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркында жүргөн туристтер кабылан күтүүсүз жерден өзүнүн олжосун жолуктурганын көрүштү.

Бул тасма Maasai Sightings YouTube-каналына жарыяланган.

Кадрда жырткыч соолуп бара жаткан сууга келип, антилопа суусунун кандырып жатканда кармаганын көрүүгө болот. Кабылан антилопанын келе жатканын байкабай калган. Кокусунан баса калганда ал качканга жетишпей калды.

"Кабылан бул жерде эмне жандык бар экенин билген эмес. Жолу болду", — деп жазган видеонун автору.

Баса, буга чейин соцтармакта баарылап кабыланды издегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0