Лондондо НАТОго мүчө өлкө лидерлеринин саммити кандай өттү. Видео

Жазылуу
НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлери Лондонго келип, альянстын 70 жылдыгын алдыдагы Рождество майрамынын атмосферасында белгилешти.

Саммит Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун резиденциясында өттү. Ал жерге жасалгаланган балаты орнотулуп, рождество ырлары жаңырып, Санта Клаустун үйүнө окшошуп турду.

Деген менен олуттуу темалар ортого салынды. Түндүк Атлантика өлкөлөрүнүн башчылары Сирия жана "НАТО мээсинин иштен чыгышы" тууралуу кеп козгошту. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Түркиянын Батыш менен талкуулабай туруп Сириянын аймагына аскер киргизгенин макулдашылбаган кадам деп атады.

НАТОнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАТОдогу пикир келишпестиктен Россия утабы же утулабы. Саресеп
Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг пикир келишпестиктер болуп жатканын айтып, бирок НАТО лидерлери мурдагыдай эле биримдикте экенин билдирди.

Саммитте Россия темасы да козголуп, Трамп НАТОну Москва менен болгон мамилесин жөнгө салууга чакырды. Бирок Россия болобу же башка тараптарбы, тирешүүлөргө даяр туруу керектигин белгиледи.

Ошол эле учурда Лондондун көчөлөрүнө "Трамп жок, согуш жок" деген плакаттарды көтөрүп митингге чыккандар болду.

НАТОнун коргоо жаатындагы чыгашасы кийинки жылы 130 миллиард долларга жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0