Кол булгалап, ыйлап... Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин сотунан видео

Жазылуу
Бүгүн, 6-декабрда, Свердлов райондук соту Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупцияга шектелип кармалган аткаминерлерге өкүм чыгарды. Айыпталуучулардын төртөө кесилип, төртөө сот залынан бошотулду. Өкүмдү судья Инара Гилязетдинова чыгарды.

Жараянга соттолуучулардын жакын туугандары да келип катышты. Саат 10.00дө башталган сот отуруму кечки саат 20.30дар чамасында бүттү.

Дело о коррупции при модернизации столичной ТЭЦ - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ иши боюнча соттолгон аткаминерлер 5,4 млрд. сом төлөп бермей болушту
Өкүм аткаминерлердин Бишкек ТЭЦин модернизациялоо учурунда ээлеген кызматына карап чыгарылды.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков 15 жылга кесилип, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы "Манас" ордени жана башка мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.

"Улуттук Энергохолдинг" компаниясынын директору Айбек Калиев 15 жылга соттолуп, "Даңк" медалы жана президенттин Ардак грамотасынан кол жууду.

"Электр станциялары" ишканасынын директору Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга кесилип, 3 жыл мамлекеттик жумушта иштөөгө тыюу салынды.

"Электр станциялары" ишканасынын директорунун орун басары Жолдошбек Назаров 2,5 жылга кесилди, бирок тергөө абагында отурган күнү эсептелип, эркиндикке чыкты.

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун жетекчиси Темирлан Бримкулов да 2,5 жылга кесилди, бирок тергөө абагында отурган күнү эсептелип, сот залынан бошотулду.

Дело о коррупции при модернизации столичной ТЭЦ - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ боюнча сот: төрт аткаминер бошотулду
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, ал эми финансы министри Ольга Лавровага болсо 3 миллион сом айып салынып, экөө тең сот залынан бошотулду.

Жогорудагы сегиз айыпкердин баары Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо мамлекетке келтирилген 5,44 миллиард сомдук чыгымды төлөөгө милдеттендирилди. Кандай жол менен кимиси канча суммада төлөй турганы айтылган жок, бирок конфискацияланган мүлктөр бул суммага кошулат.

Белгилей кетсек, Исаков, Калиев, Авазов "Коррупция" беренеси, ал эми Сатыбалдиев "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен соттолду. Алардын жактоочулары жогорку инстанцияга даттана турганын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0