Казак бийлиги "Ишкобод" бекетиндеги окуядан кийин чек арадагы ишин күчөттү

Жазылуу
Ноябрдын башында 20га чукул куралчан согушкер тажик-өзбек чек арасындагы "Ишкобод" бекетине кол салып, атышуудан бир чек арачы менен бир милиционер каза тапкан. Согушкерлердин арасында эркек, аял, атургай балдар да болгон.

Тажик тарап чек ара бекетиндеги кол салуу боюнча бардык маалыматты Казакстанга жөнөткөнүн Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Бул окуядан кийин казак бийлиги чек араларындагы күзөттү бекемдей баштаганын Казакстандын Коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын директору Дархан Дильманов "Сухбат" программасына жооп берип жатып билдирди.

Дильманов Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен өз ара аракеттешүү жана согушкерлердин Тажикстандын чек ара бекетине кол салуусунан кийин көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берген.

"Бул окуя бизге чоң сабак болду. Мындан улам чек ара күзөтүнө кошумча аскерлер тартылып, андагы курал-жарак, ок-дарыларга көзөмөлдү күчөттүк", — деди Дильманов.

Ал 6-ноябрга караган түнү "Ишкобод" чек ара бекетине согушкерлердин кол салуусу күтүүсүз окуя эмес экенин баса белгиледи.

Митинг в поддержку движения Хути в Сане - Sputnik Кыргызстан
Аялдар эмне себептен жанкечти болуп кетет? Адистин пикири
"Согушкерлердин мындай кадамы Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтары тарабынан болжолдонгон. Бул окуя акыркы жылдары диний экстремизм жана терроризм өнүгүп-өрчүп келе жаткандын жыйынтыгы. Ошондуктан мындай ыкчам кырдаалга ар дайым даяр турушубуз керек", — деди Дильманов.

Тажикстандагы бул окуя боюнча күч структураларынын операциясы маалында 15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн. Кийинчерээк кол салган согушкерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү экени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0