Москвада Кыргызстандын кооз жерлерин чагылдырган ЕАЭБдин поезди ишке кирди

Жазылуу
Москва шаарынын метросунда ЕАЭБдин беш жылдыгына арналган тематикалык поезд ишке кирди. Салтанаттуу иш-чара 6-декабрда өтүп, поезд каттамга чыга баштады.

Мындай өзгөчө белекти биримдиктин негизделген күнүнө карата Москва метрополитени тартуулады. Анын беш вагону бар, ар бири ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бирин чагылдырып турат. Алар: Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Кыргызстан. Вагондор ар бир өлкөнүн кооз жерлеринин сүрөттөрү менен кооздолгон. Поездден жүргүнчүлөр ЕАЭБге мүчө өлкөлөр жана биримдик тууралуу кененирээк маалымат ала алышат.

Поезд метронун Кольцевой линиясы боюнча жарым жыл гана каттамга чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0