Улуу Британия премьери журналисттерден муздаткычка кирип кетип кутулган. Видео

Жазылуу
Улуу Британияда коомчулукту жана журналисттерди таңданткан окуя болуп, бийлик башындагылар менен аны коштоп жүргөндөр сынга кабылды.

Улуу Британия премьери Борис Жонсон сүт азыктарын өндүргөн ишканада жүргөндө журналисттерге жооп бергендин ордуна муздаткычка кире качкан. Бул тууралуу The Daily Mirror басылмасы жазды.

Ал эми видео guardian news басылмасынын YouTube каналына жарыяланган.

Забыл жену перед посадкой — очередной конфуз Трампа сняли на видео - Sputnik Кыргызстан
Дональд Трамп тик учакка баратып жубайын унутуп калганда. Видео
Анда Good Morning Britain телевизиондук ток-шоу каналынын журналисттери өкмөт башчы келе турган жерди акмалап туруп, "кол салган".  Журналист алардын берүүсүнө качан келип катышаарын сураган.

Жооп бергендин ордуна "секундадан кийин келем" деген Борис Жонсон жанында жүргөн коштоочулар менен өндүрүштүк муздаткычка кирип кеткен. Окуянын кандай болуп жатканын каналдын алып баруучулары студияда түз эфирден карап турушкан. Журналисттерди көргөн анын жардамчыларынын бири сөгүнгөндүгү анын кыбыраган эриндеринен улам байкалып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0