Катуу урам! Нурмагомедовдун Фергюсон менен беттеши тууралуу айтканы видеодо

Жазылуу
UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Тони Фергюсон менен боло турчу беттешине кантип даярданып жатканын айтып берди.

Нурмагомедов атаандашын "бөтөнчө катуу урууну" ойлоп жатканын жар салып, ошол эле учурда Фергюсондун күчтүү тараптарын белгилеп, машыгууга олуттуу мамиле кылып жаткандыгын айткан.

"Каршылашымдын көрсөткүчү абдан жакшы. UFC уюмунун тарыхында 12 жеңишти катары менен камсыздаган эки мушкер тең октагондо жолуккан эмес", — деген россиялык спортчу.

Эки спортчунун беттеши 2020-жылы 18-апрелде Нью-Йорк шаарында өтөт.

Нурмагомедов ММА боюнча 28 беттешти утуп, бир да ирет жеңилүү ызасын тарта элек. Фергюсон 25 кармашты жеңип, үч жолу утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0