Башкы балатынын оту жанды! Жомокко бөлөнгөн "Ала-Тоо" аянты. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан кабарчылары Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык аянтчанын салтанаттуу ачылышына катышты.

13-декабрь күнү аянттагы башкы балатынын оту жанды. Ал январдын ортосуна чейин элдин көзүн кубандырып турмакчы.

2020-жылдагы өлкөдөгү дем алыш күндөр  - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Быйыл Бишкектин тургундары менен меймандарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн 5 миллион 800 миң сом сарпталды. Борбордук аянтты "Тазалык" менен "Бишкекжарыктын" 105 кызматкери кооздогон.

Балатыга миңден ашуун оюнчук илинип, 300дөн ашуун гирлянда тагылган. Анын жалпы узундугу үч чакырым экени айтылды.

Аянттын берки жагына дагы бир майрамдык композиция орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0