Путиндин ири маалымат жыйыны. Видео

459
(жаңыланган 19:45 19.12.2019)
Россиянын президенти Владимир Путин жыл сайын ири маалымат жыйынын өткөрөт. Иш-чара учурунда ага жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер суроо бере алат.

Бул жолу Россия лидеринин он бешинчи ири маалымат жыйыны өттү. Путин журналисттердин суроосуна мындай жол менен жооп берүүгө жалпысынан 47 саат жумшаптыр.

Бүгүнкү иш-чара 4 саат 19 мүнөткө созулду. Телеканалдар түз эфирге үч саат убакыт бөлүшкөн. Бирок адатта жыйын созулуп кетти.

Маалымат жыйын Москва убактысы менен саат 12.00дө башталган (Бишкек убактысы боюнча 15.00).

Быйыл ага катышууга 1895 киши катталган. Бул былтыркы жылкыдан 200 адамга көп.

459
Белгилер:
суроо, журналист, маалымат жыйын, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Россия кызылча дартына каршы 100 миң доза вакцина берет

Нью-Йоркто акцияга чыккандар камалууда. Видео

16
АКШда башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталып, бир катар мамлекеттерге жайылды.

Нью-Йорк полициясы АКШдагы полициянын зомбулугуна нааразы болуп, акцияга чыккандардын арасынан 60 кишини камакка алды. Полиция департаментинин жетекчисинин айтымында, кармалгандар коменданттык сааттын эрежесин бузушкан.

Ал тартип сакчылары мыйзамдын бузулушуна жол бербей турганын айтып, шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн бардык кадамдарга барарын белгиледи.

16
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Нью-Йорк, АКШ, полиция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?

Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу

183
(жаңыланган 22:04 04.06.2020)
Вашингтондо күч түзүмдөрү полициянын зомбулугуна кыжырланган элден Ак үйдү тегерете курчап, кайтарып турат.

Демонстранттар чагымчылык кылганы да айтылууда. Эскерте кетсек, Миннеаполисте 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган башаламандык дүйнө жүзүнө чейин жайылып кетти. Флойд полиция кызматкерлеринин одоно аракетинен улам көз жумган болчу.

183
Белгилер:
Күч түзүмдөрү, Аскер, АКШ, митинг, акция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Тизелеп, тилектештикти билдирип… АКШ полициясынын видеосу
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?