Эстон бийлиги Sputnik журналисттерине иш козгоо боюнча эскертип, коркутууда

68
(жаңыланган 14:54 20.12.2019)
Эстония бийлиги өздөрүнө жакпаган журналисттерден коркутуп, опузалап кутулуу ыкмасын ойлоп тапкандай. Бир нече убактан бери Sputnik Эстония бийлик кысымына кабылып келет.

Акыркы кадамы, чектен чыккандыгы — эгерде журналисттер 2020-жылдын 1-январына чейин аталган агенттик менен иштөөсүн токтотпосо, кылмыш ишин ачуу боюнча полициянын коркутуусу болду. Таллиндин медиа кызматкерлерге карата бул кылыгы Москвада бир топ сын пикирлерди жаратты.

Төмөндөгү видеодо кысым боюнча реакциялар чогултулган.

68
Белгилер:
Эстония, Sputnik, журналист, кысым, санкциялар
Тема боюнча
"Же иштен кет, же түрмөгө отурасың" Sputnik Эстониядагы кырдаалга баа берилди
Бошонбосоңор, иш козгойбуз! Эстон бийлиги Sputnik кызматкерлерин кантип коркутууда
Путин Sputnik Эстония журналисттерине жасалган мамиле тууралуу пикирин айтты

Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын "үйүн" ачты. Видео

179
Бүгүн, 27-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик инновациялык борборунун расмий ачылышы болду. Анда жаңы жабдыктарды ойлоп таап, идеясын ишке ашыргысы келгендер үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.

Борбор Кыргызпатенттин алдында түзүлүп, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

"Ушуну менен токтоп калбастан инновациялык инфратүзүмдү аймактарга дагы жайылтышыбыз керек. 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык облустарында дал ушундай инновациялык борборлорду ачууну сунуштайм жана бул тапшырманы аткаруу Кыргызпатенттин жамаатынын колунан келерине терең ишенем", — деди төрага.

Инновациялык борбордун директорунун милдетин аткаруучу Касиет Качаганова төмөнкүлөрдү билдирди.

"Инновациялык борбор беш аянтчадан турат. Биринчиси — китепкана, экинчиси — балдар лабораториясы, үчүнчүсү — конференц-зал, төртүнчүсү — өндүрүш лабораториясы, бешинчиси — коворкинг-борбору. Башкача айтканда, биз инновациялык экосистеманын бардык блокторун камтыган аянтчабыз. Китепканадан сиздер билим, теория алсаңыздар, балдар лабораториясынан бир нерсени ойлоп табууга үйрөнөсүздөр. Коворкингден идеяларды иштеп чыгып, өндүрүш лабораториясынан өзүңүздүн продукцияңызды чыгарасыз. Ал эми конференц-залдан жыйынтыгын презентациялайсыз", — деди Качаганова.

Ал эми FabLab индустриалдык инновация бөлүмүнүн кызматкери Айдар Алымбековдун айтымында, борбордо ойлоп табуучулардын ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берилет.

"Бизде санариптик программа менен башкарылган фрезердик станок, лазердик гравер, 3D-принтерлер, электрондук-тигүүчү машина, 3D-сканерлер бар. Fablab бөлүмүнүн максаты — ойлоп табуучулар менен стартаперлерге ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берүү. Бул жердеги аппаратура жыгачты, металлды кескенге, жаңы жабдыктардын деталдарын жасоого ылайыкташкан. Бардыгы сизден, сиздин идеяңыздан көз каранды", — деди ал.

Бийлик бул борбор бизнес менен ойлоп табуучулардын диалогу үчүн аянтча болуп берерине ишенүүдө. Бул аянтчаны түзүүгө 35 миллион сом сарпталып, Грузия менен Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулган. "Кыргызпатент" борбордун эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык деп убадалады.

179
Белгилер:
Кыргызстан, Кыргызпатент, ойлоп табуу, Мамлекеттик инновациялык борбор
Тема боюнча
Окуучулар үчүн! Ойлоп табуучулук боюнча кыргызча окуу куралы жарык көрдү

Чоң бакалардын мушташканын көрдүңүз беле? Айыгышкан кармаштын видеосу

123
(жаңыланган 18:31 27.10.2021)
Африка мамлекеттерин биз көрүп-билгенден да чоң бакалар мекендейт. Алардын көлөмү 24,5 сантиметр, ал эми салмагы 1,4 килограммга чейин жетет.

Дал ушул жаныбарлардын аёосуз кармашынын видеосу BBC басылмасынын Youtube-каналына жарыяланды.

National Geographic басылмасы жазгандай, мындай чоң бакалар жылан, чычкан, чымчыктарга аңчылык кылышат. Күндүз алар сууда жашынып жатышат же жээкте болушат дагы аңчылыкка түндө чыгат. Чоң бакалардын үнү ачуу болот. Айрыкча көбөйүү учурунда ургаачы бакаларды тартуу үчүн үндөрүн өктөм чыгарып калышат. Ургаачы бакаларга ээлик кылуу үчүн кыйкырып койгон жетиштүү эмес. Алар атаандаштары менен кармашып, аларды жеңген соң гана ээ болушат.

123
Белгилер:
бака, кармаш, видео, жаныбарлар
Тема боюнча
Жырткычтай эмес... Балык кармап жеп, үйүрү менен жүргөн ягуарлардын видеосу
Асма керебетке чыга албай убара болгон аюулардын күлкүлүү видеосу
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев

Дүйшөналиев: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

0
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка өп-чап турмуш себеп экенин айтты.

Социалдык жактан жакыр үй-бүлөдө жашаган балдар арасында кылмыштуулук көп катталууда. Мындай маалыматты Азамат Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөналиев: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

Анын айтымында, социалдык көйгөйлөргө байланыштуу окуусун таштап, үй-бүлөсүнө акча табуу максатында түрдүү кылмышка баргандар арбып барат.

"Буга социалдык көйгөйлөр себеп болууда. Үй-бүлөдөгү акыбал, акчанын жетишпестиги негиз болуп, окуусун таштап, башка жумуштарда иштеп, түрдүү кылмыштарга барып жатышат. Үйүнөн качып кеткен учурлар да катталууда. Калктуу аймак болгон Бишкек жана Чүй облусунда кылмыш фактылары көп. Алардын көбү майда кылмыштар", — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле адис кылмыштуулукту алдын алуу үчүн мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору байма-бай каттап, окууларды өткөрүп жаткандыгын кошумчалады.

0
Белгилер:
Азамат Дүйшөналиев, мыйзам, тергөө, ИИМ
Тема боюнча
ИИМ экономикалык кылмыштар боюнча башкармалык түзүү зарылчылыгын айтты