Москвадагы ФСБ имаратынын жанындагы атышуунун жаңы видеосу чыкты

Жазылуу
Кадрлардан кара кийимчен эркек киши Федералдык коопсуздук кызматынын имаратын бойлой чуркап бара жатканын көрүүгө болот. Болжол боюнча ал бир нече ирет ок чыгарган.

Атышуу Москва убактысы боюнча саат 18:10дө (Бишкек боюнча 21:10) ФСБ имаратынын айланасында болгон. Анда белгисиз адам Большая Лубянка көчөсүндөгү №12 үйдүн жанынан ок чыгарган. Кылмышкер тез арада жок кылынган. ФСБдан билдиришкендей, ал жалгыз болгон, имараттын ичине кирип келе алган эмес. Окуя теракт катары бааланууда.

Недалеко от здания ФСБ на Лубянской площади в Москве, где произошла стрельба. - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы теракт: ФСБнын кызматкери каза таап, 5 киши жабыркады
Кадрлардан кара кийимчен эркек киши Федералдык коопсуздук кызматынын имаратын бойлой чуркап бара жатканын көрүүгө болот. Болжол боюнча ал бир нече ирет ок чыгарган.

Кырсыктан беш киши жабыркап, ФСБнын бир кызматкери каза тапкан.

Россиялык ЖМКлардын жазышынча, кол салган адам Москвада төрөлгөн 39 жаштагы Евгений Манюров. Азырынча расмий маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0