Машыктыруучу атаандаш команданын өспүрүмдөрүнө кол көтөргөн. Украинадагы видео

Жазылуу
Өспүрүмдөрдүн хоккей боюнча командасынын машыктыруучусу атаандаш команданын 11 жаштагы балдары менен муз үстүндө жулкулдашып, урушуп кеткен. Бул туурасында маалымат интернет айдыңына тарап кетти.

Видео YouTube каналына жарыяланган.

Окуя Украинанын чемпионаты учурунда болгон. Анда "Кривбасс" менен "Морские волки" командалары беттешкен. Беттеш учурунда өспүрүмдөр бири-бирине кол көтөрүп, уруша кетишкен.

Турнир Bellator в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Утулган мушкер рефериге кол салып ийди. Bellator турниринен видео
Балдарды ажыратууга оюнга калыстык кылып жаткан киши барган. Ага удаа жөнөгөн "Кривбасстын" машыктыруучусу Сергей Брага атаандаш топтогу бир нече балдарды муштап, кээ бирлерин жыга түрткөн.

Жергиликтүү басылмалардын биринин жазганына караганда, каршы ойноп жаткан команданын дарбазачысы көбүрөөк жабыр тарткан. Тагыраагы, мээси чайкалышы мүмкүн экендигин айтышууда.

Бул окуядан улам "Морские волки" машыктыруучу боюнча полицияга азыр жазгандыгы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0