Дастан Шаршеев тизеси менен атаандашын эсин оодара тепти. Түркиядагы видео

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев Түркияда өткөн Abadan FC турниринин алкагында каршылашын нокаут менен утту. Беттеш бир мүнөткө созулган.

Турнирдин видеосу 100PuDoV аталышындагы YouTube-каналга жүктөлдү.

Чемпионат России по аэродинамическим дисциплинам парашютного спорта Goodsky-2019 - Sputnik Кыргызстан
Александр Емельяненко аны рингге чакырган Рамзан Кадыровго жооп берди
Аралаш мушташ боюнча турнир кечээ, 22-декабрда, Стамбулда болгон. Анын алкагында Шаршеев 70 килограмм салмакта белорусcиялык Александр Михайлин менен беттешип, биринчи раундда нокаут менен утуп алган.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, спортчулар бири-бирине алыстан соккуларды узатуу менен туруп беттешип жатышкан. Биринчи раунддун биринчи мүнөтүндө Шаршеев тизеси менен секирип келип, атаандашын бетке тепкен. Михайлин кулап түшкөн.

Али каймана аттуу Дастан Шаршеев кикбоксчу катары көбүрөөк таанымал. Акыркы жылдары өзүн аралаш мушташтан сынап жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0