Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео

(жаңыланган 14:17 23.12.2019)
Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна дагы бир кыргызстандык кыз катышты. Ал тартылган эфир 22-декабрда кечинде Россиянын Биринчи каналынан көрсөтүлдү.

11 жаштагы Альбина Орозакунова спорттун стекинг түрү менен алектенет. Ал ушундай өзгөчө өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырды. Стекингдин эрежеси боюнча атайын жасалган стакандардан пирамида куруп, кайра жыйнайт. Муну болушунча тездик менен жасоо шарт.

Альбина алгач өзү көрсөтүп берип, андан соң Галкинден да кайталоосун өтүнгөн. Бирок ал кыргызстандык кыздай тез чогулта албай койду.

Буга чейин "Лучше всех" шоусуна кыргызстандык шахматчы Султай Чыңгыз, Нурмухамед Ташмаматов жана эгиз кыз Айпери менен Нурпери Тургуналиевалар, жаныбарлар дүйнөсүнө кызыккан Албанали Алым уулу, Ван Даммдын трюктарын жасаган Мухаммед Али Хасанакунов катышып келген.

Белгилер:
катышуучу, шоу, Максим Галкин
Тема боюнча
Кыргызстандык алты жашар кыз калыстарды жашытты. Видео

АКШ Афганистандагы талибандарга чечимин кандайча түшүндүрөт. Чоо-жайы видеодо

(жаңыланган 12:26 16.04.2021)
Афганистандын эли Байдендин америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечимине нааразы. АКШ президенти жоокерлердин "үйгө кайтуусуна" мезгил жеткенин айтты.

АКШ 20 жылдан бери талибдер менен эпке келип, өлкөдө тынчтык орнотуу оюн ишке ашыра алган жок. Америкалык жоокерлер качан Афганистандан толук чыгып кетет? Согушкерлерге эмнени түшүндүрүп, кырдаалды кантип жолго салып кете алат. Суроолорго жоопту видеодон көрүңүз.

Белгилер:
армия, чечим, Жо Байден, жоокер, Аскер, согуш, Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
"Азиянын жүрөгүн дарылоо". Кыргызстан Афганистанга эмнеге жардам бериши керек

Ошто айдоочуларды экзаменден "ийгиликтүү" өткөрүп тургандар кармалды. Видео

Унаа" мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы жана Ош облусу боюнча жетекчилери айдоочулук күбөлүк үчүн экзамен алууда жемкорлукка барышкан деп кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.

Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.

"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Белгилер:
кармоо, коррупция, айдоочу күбөлүгү, УКМК, Ош
Тема боюнча
УКМК алты айда мамлекетке канча акча кайтарганын жарыялады