Сот залынан көтөрүп чыгышты. Кубанычбек Кулматовдун бошотулгандагы видеосу

Жазылуу
Мамлекеттик айыптоочулар Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону соттон суранган.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов сот залынан бошотулгандан кийин журналисттерге кыскача жооп берди.

Анын иши бүгүн Ленин райондук сотунда каралып, сот залынан бошотулуп, беш миллион сом айыпка жыгылган.

"Мындай өкүм чыгат деп күткөн эмесмин. Күнөөлөө да ошондой  акылга сыйгыс иш эле. Бирок мен баары бир соттуулугу бар, күнөөлүү адам болуп калдым. Менин күнөөм такыр жок", — деп жооп берди.

Журналисттердин биринчи эле "Эмне кыласыз?" деген суроосуна: "Кызымды барып көрөм", - деген жообун айтты.  

Мындан аркы кадамдары кандай болорун сурашканда: "Биринчи өзүмө келип алайынчы...", — деди экс-мэр. 

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экс-мэр Албек Ибраимовго дагы соттун өкүмү чыкты
Мамлекеттик айыптоочулар Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, үч жылга чейин мамлекеттик кызматта иштебөөсүн соттон суранышкан.

Экс-мэр "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып, 2018-жылдын 5-июнунда камакка алынган. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0