Улуу инсанды түбөлүк жайга узатууга бийлик өкүлдөрү, чет өлкөнүн элчилери, туугандары жана талантын урматтагандар келип катышты.
Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардан ээси болгон.
"Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру.
Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып келет, белгилүү балбандардын бири.
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Эрендер кең талаада жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
Москвада кыргызстандык төрт жаштагы бала соода борборунун экинчи кабатынан кулап кеткендигин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
5-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат аталган бөлүмдүн башчысы менен жолукту. Ал кулап кеткен баланы көрүп, нейрохирургиялык бөлүмдүн башчысынан бөбөктүн тезинен сакайып кетиши үчүн бардык чараларды көрүүнү өтүндү.
Мындан тышкары, элчи жабырлануучунун жакын туугандары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.
Элчиликтин юристтери үй-бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы, бул маселе өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турганын белгиледи.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди.
Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан.
Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган.
"Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Азыр өрт толугу менен өчө элек. Адатта текстиль материалдары кеч өчөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.