Жабдуусун АКШдан алып... Өлкөдөгү биринчи ГЭСтин курулушунан архивдик видео

Жазылуу
Быйыл КРдин энергетика тармагы 85 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдө биринчилерден болуп курулган ГЭСтин видеосун сунуштайт.

Кыргызстандын электрлешүүсү - Sputnik Кыргызстан
10 миң сөөк кайра көмүлүп, 25 айыл суу алдында калган. Кыргызстанды электрлештирүү
Эң биринчи гидроэлектростанциянын курулушу 1916-жылы башталып, кийин Россиядагы февраль революциясынан улам иш токтоп калган. Ал жылдары көмүр кенин очогунда жайгашкан Кызыл-Кыяда гана жападан жалгыз жылуулук электр станциясы иштечү. ГЭСти салуу маселеси өткөн кылымдын 24-25-жылдары көтөрүлүп, иш кайра жанданып, ага көбүнчө жергиликтүү тургундар катышкан. Жыйынтыгында Кичи Аламүдүн ГЭСи 12 жылдан кийин гана ишке кирип, анын жабдыктары атайын Америкадан алып келинген.

План боюнча андан өндүрүлгөн жарык менен Чүйдөгү канал, арыктарды казган электр экскаваторлорго жана борбор калаадагы айрым ишканаларга жарык берилмек. Аталган гидроэлектростанция 90 жылдан бери үлгүлтүксүз иштеп, учурда Бишкектин четиндеги айылдарды жарык менен камсыздоодо.

Өлкөнүн толук электрлешүүсү боюнча лонгридди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0