Израилдин премьери сүйлөп жатканда бомбадан коргонуу жайына качырышты. Видео

Жазылуу
Израилдин премьер-министри  Биньямин Нетаньяху эл алдына чыгып сүйлөп жаткан жеринен абадан коркунуч жаралгандыгын билдирген сигнал иштеп кетти.

Афганистандын аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Афганистанда президенттик шайлоо күнү жардыруу болду
Окуя Ашкелон шаарында шайлоо кампаниясынын алдындагы иш-чара учурунда болду.

Haaretz сайтынын жазганына караганда, өкмөт башчы сүйлөп жатканда Газа секторунан Израилди көздөй ракета атылгандыгы тууралуу маалымат түшүп, абадан коргонуу системаларынын сигналы иштеп кеткен.

Ошол замат Нетаньяхуну коопсуздук кызматы бомбадан коргонуу жайына алып жөнөштү. Көп өтпөй коркунуч жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалымат берилип, премьер кайрадан эл алдына чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0