Кабинанын маңдайкы айнегинен кирип... Алматыда учак кулаган жердин видеосу

Жазылуу
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинен Алматыдагы учак кырсыгынан каза тапкандардын саны 14 кишиге жеткени айтылып, кырсык болгон жердин видеосу тарады. Бул турасында Sputnik Казакстан билдирди.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Эстелик, ээн талаа, селкинчек... Учак кулаган Дача СУнун азыркы көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Эстелик, ээн талаа, селкинчек... Учак кулаган Дача СУнун азыркы көрүнүшү
Анда учактын эки кабат имараттын үстүнө келип отуруп калып талкаланып кеткендиги көрүнүп турат.

Жеринде Тез жардам менен куткаруучулар иштеп жатат. Бир нече куткаруучу лайнерге айнектери талкаланып кеткен маңдай жагынан кирип жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, бүгүн учак абага саат 7.05те көтөрүлүп, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0