Тайгаланып жыгылып... Кызды жүк ташуучу унаанын алдынан сууруп алганда. Видео

751
(жаңыланган 10:32 31.12.2019)
30-декабрда Владивостокто жолдон өтөйүн деген кыз тайгаланып кетип асфальтка кулап түшкөн. Видеодон дал ошол маалда жүк ташуучу унаанын келе жатканын көрүүгө болот.

PrimaMedia маалымат агенттигинин жазганына караганда, окуяга жолдун тоңу себеп болгон.

Жерде жаткан кызды көргөн айдоочу унаасын токтотконго аракет кылганы менен тайгактан улам рулга ээ боло албай калган.

Акыркы мүнөттөрдө кызды куткарып калууга эркек киши жетишкен. Ал кызды колтугунан алып, жолдун жээгине сүйрөп чыгарган.

751
Белгилер:
видео, куткаруу, унаа, Владивосток
Тема боюнча
Кытайда поезддин алдына кулаган кызды сууруп алганга жетишип калышты. Видео