Мүйүз тагып, гирлянд илип. Жаныбардын жүрөк элжиреткен видеосу

Жазылуу
Жаңы жылда жүрөктү элжиреткен дагы бир видео пайда болду. Кожоюну аны жаркылдагы бар кичинекей зымдар менен кооздоп, башына мүйүз кийгизип, мурдунан өөп жатат.

Видео YouTube каналына жарыяланып, Австралияда тартылганы жазылды.

Кежеңдете сүйрөп... Ит көчөдөгү башка иттин жибин кырчып, ээрчитип бара жаткан видео - Sputnik Кыргызстан
Кежеңдете сүйрөп... Ит көчөдөгү башка иттин жибин кырчып, ээрчитип бара жаткан видео
Мойнун созуп, бакырайган көздөрү менен кожоюнун тиктеп, кыймылдабай турган альпака (ламага окшош жаныбар) анын кооздоп жатканына макулдук бергендей сезим калтырат.

Кыркылган жүндөрү кадыресе өсүп калган бул жаныбар алгач гирлянддарды жыттап көрүп жатат. Андан соң бугу алтын жана күмүш түстүү жасалма мүйүздөрүн тандаган сымал бир нече ирмемдерге чейин кыймылсыз карап турат. Кожоюну аны менен кадимкидей сүйлөшүп, акыры алтын өңдүү мүйүздү тагып, кылган ишине канааттана жаныбардын тумшугун "чоп" эттирип өөп койгонун көрүүгө болот.

Альпака – ача туяктуу жаныбар. Анын жүнүнөн жылуу кийимдерди, жууркан-төшөктөрдү жасашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0