Кыргызстандын мынчалык кооздугун билдиңиз беле? Чет элдик тарткан керемет видео

555
(жаңыланган 13:22 02.01.2020)
Интернетте жагымдуу музыка менен коштолгон, Кыргызстан жөнүндө беш жарым мүнөттүк видео тарады. Аны роликтин автору Denis Frantsouzov аттуу интернет колдонуучу жана турист өзүнүн YouTube баракчасына жайгаштырган.

Ал "Киргизия 2018 — Вспоминая лучшее" деп аталат.

Анда кыргызстандыктардын өздөрү мынчалык деп элестете албаган көз жоосун алган кооздук — тоолор, жайлоолор, көлдөр, ал тургай ак мөңгүлүү чокулар тартылган.

Бул керемет видеодо 2018-жылдын август—октябрь айларында Denis Frantsouzov Кыргызстанга турист болуп келгендеги мезгилдер чагылдырылган. Демек, жайдын аягы, күздүн башталышы.

"75 күн жана 13 500 чакырым жол. Памир кырка тоолору, Ленин чокусу, тоо арасындагы көлдөр, Тянь-Шань капчыгайы, Ысык-Көл "деңизи" жана жылдыздуу асман беш мүнөттүк видеого батырылды", — деп жазган Denis Frantsouzov.

Эске салчу учур, Denis Frantsouzov өзүнүн автоунаасы менен кыдырган.

Анын социалдык тармактагы сүрөттөрүнөн улам, Кыргызстанды үй-бүлөсү — жубайы жана баласы, ага кошумча ити менен кыдырып чыкканын боолголоого болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Denis Frantsouzov (@frantsouzov)

Видеонун аягына кыргызстандыктар ыраазылыгын айткан пикирлерин калтырса, чет элдиктер жаратылышка суктангандыгын жашыра алган эмес.

Кыргызстандын мынчалык кооздугун билген эмесмин, "кооздуктан баш айланды" деген сыяктуу пикирлерин калтырган.

555
Белгилер:
капчыгай, Соң-Көл, Ысык-Көл, турист, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан экенине ишенбей кетесиң! Ажайып 7 сүрөт

Атаандашын жонуна көтөрүп. Япониялык дзюдочу кыздын кубанткан видеосу

171
Чемпион болгон спортчу кыз финалда жаракат алган атаандашына ичи ачышканын билдирип, ага жакшылык кылууну чечкен.

Венгриянын Будапешт шааарында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында кыздар күрөшүнөн япониялык Сара Асахинанын атаандашына көрсөткөн бийик адамгерчилиги көрүүчүлөрдү кубантты. Ал таймашта бутунан жаракат алып аксап калган атаандашы Вакаба Томитаны далысына көтөрүп, татамиден (килем) чыкканга жардам бергенин Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты жазды.

Боорукер спортчу оппонентине ичи ачышканын билдирген.

"Эң оор беттеш финалда болду. Мен чарчап, жеңилип да калышым мүмкүн болчу. Ал жаракат алып калды. Ичим ачышты, ошондуктан ага колдон келген жардамымды берип, татамиден чыкканга көмөктөштүм", — деген ал.

Сүйкүмдүү окуянын видеосун Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Анда дзюдо балбандары бийик адамгерчилиги менен дайыма коомчулукту таң калтырып келгени белгиленет.

Мелдештин жыйынтыгы аялдар күрөшүнөн +78 килограмм салмак категориясында төмөнкүчө болду:

  • Сара Асахина (Япония)
  • Вакаба Томита (Япония)
  • Мария Суэлен Альтеман (Бразилия) жана Беатрис Суза (Бразилия).
171
Белгилер:
Япония, Будапешт, дүйнө чемпионаты, дзюдо
Тема боюнча
Адамгерчилиги бийик экен! UWW Айсулуунун аракетин жылдын жагымдуу учуру деп атады
Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу

Жети секундда сулата чапты. UFC 263 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу

198
(жаңыланган 14:51 13.06.2021)
13-июнда эртең менен аралаш мушташ боюнча UFC 263 турнири жыйынтыкталды. Мелдеш кызыктуу кармаштар, нокауттар жана реванштар менен коштолду.

Башкы беттеште промоушендин орто салмактагы чемпиону Исраэль Адесанья менен италиялык Марвин Веттори кез келди. Бул турнирде Нейт Диас Леон Эдвардс менен мушташты.

Эң жеңил салмактын чемпиондук наамы үчүн Дейвесон Фигередо менен Брэндон Моренонун реванштык беттеши, аягында Фигередонун атаандашына көрсөткөн урмат-сыйы мелдешке өзүнчө көрк берди.

Экс-чемпион, дивизиондун лидери жеңилип, чемпиондук курду алдырганына карабай атаандашын асманга көкөлөткөнүн UFC Russia өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Ал эми америкалык мушкер Терранс Маккини дебюттук таймашында атаандашы Мэтт Фреволду жети секундада эле жыга чапты. Ал мекендешинин ээгине удаасы менен эки кубаттуу сокку урганда ал жерге сулк кулаган. Ийгилигине кубанган мушкер так секирип жатып бутун кокустатып алды. Алып баруучу Маккининин буту тизесинен чыгып кеткенин айтты.

198
Белгилер:
реванш, нокаут, беттешүү, турнир, UFC
Тема боюнча
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео
Шарап. Архив

Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды

15
Дарыгер ичимдик менен айрым тамактарды кошо ичүү гастрит, ашказан жарасы жана панкреатит ооруларын күчөтөрүн билдирди.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шарап менен эмнелерди аралаштырып жесе болбой турганын РИА Новостиге гастроэнтеролог Анна Денисова айтып берди.

Адис шарап сыяктуу алкоголдук ичимдик менен майлуу жана ачуу тамактарды колдонуунун зыянын эскертти.

"Куйрук май, колбаса, семга, скумбрия, маринаддалган жашылча, суши жегенде колдонгон васаби татымалын шарап менен аралаштырган болбойт. Бөтөнчө гастрити же ашказанында жарасы барлардын оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Ичимдик менен майлуу тамак ашказанга түшкөндө панкреатит да катуу кармайт. Мындайда бейтап ооруканага түшүп, операциялык жол менен дарыланышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог күнүнө бир-эки гана бокал шарап ичүүнү сунуштап, көп ичүү ден соолукка зыян экенин кошумчалаган.

Ошондой эле ичимдиктин өзүн эле ичүү да кооптуу экенин билдирген.

15
Белгилер:
ден соолук, ашказан, шарап
Тема боюнча
Кофеиндүү суусундуктар менен алкоголду чогуу ичүү жүрөк ыргагын бузат