Гурбангулы Бердымухамедов жаңы жылдык кечеде диджей болду. Видео

Жазылуу
Бир саатка созулган видеодо президенттин диджейлик пультту башкарып отурганын көрүүгө болот. Андан соң өзү дагы ырдап, башкаларга дагы музыкалык коштоо кылып берип жатканы көрүнүп турат.

1-январь күнү MUKAM YouTube-каналына Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусундагы жаңы жылдык иш-чаранын видеосу жарыяланды.

Маалыматка караганда, салтанат 30-декабрь күнү болгон.

Президент Туркменистана лично тренирует силовиков — видео из спортзала - Sputnik Кыргызстан
Гурбангулы Бердымухамедов генералдарга машыкканды үйрөтүүдө. Видео
Бир саатка созулган видеодо президенттин диджейлик пультту башкарып отурганын көрүүгө болот. Андан соң өзү дагы ырдап, башкаларга дагы музыкалык коштоо кылып берип жатканы көрүнүп турат.

Ырдагандар конок болуп отургандардын арасынан чыгып жатканы байкалган.  Бирок президенттин катышуусундагы бул кечеге кимдер чакырылгандыгы тууралуу так маалымат жок.

​Эске салсак, Бердымухамедов буга чейин деле диджейлик кылып, ырдап жүрчү. Мисалы, өткөн жылдын апрель айында сүйүктүү аргымагы Ровач тууралуу рэп аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0