Тоонун башында сноубордисттин айласын кетирген керең куш. Видео

Жазылуу
Кемеров облусундагы Зеленая тоосунда канаттуу эс алуучуга учуп барып кол салган. Ал эми эркек сноуборду менен керең кушка тап берип,  качканга аргасыз болгон.

Сноубордисттин айласын кетирген керең куштун видеосу Кемеров облусундагы Зеленая тоосунда тартылган. Сноуборд тепкен Игорь Попелюх ылдыйды көздөй катуу ылдамдыкта баратып, токойдо жашаган кушту тебелеп кете жаздаган. Андан соң таштак жерге барып кулаган.  Буга ачуусу келген канаттуу аны коюп кете жаздаган кишиге кол салууга аракет кылган. Видеодо эс алуучу колундагы сноуборду менен тап берип, андан соң  качканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0