Алматы: учактын жерге кулаган учуру видеого түшүп калган

Жазылуу
Интернет тармагына Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагынын кырсыктаган учурунун видеосу тарады.

Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Алматынын жанында болгон авиакырсыкта боюнда бар келинди өзүнүн денеси менен жаап сактап калган казакстандык Темирлан Кадауовго сыйлык тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Учак кыйраганда кош бойлуу келинди денеси менен калкалап... Темирландын баяны
Алматы шаарынан учуп чыккан аба лайнери өткөн жылдын 27-декабрында эртең менен кырсыктап, эки кабат имаратка кулаган. Анын кесепетинен 12 адам көз жумуп, 49 киши жаракат алган. Казакстанда 28-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Кыргызстандык хирург Сабырбек Жумабеков авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасоо үчүн Алматыга барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0