Арстандар ургаачысына жагайын деп бири-бирин тытып сала жаздады. Видео

Жазылуу
Кениядагы Масаи-Мара жаратылыш коругунда турист Даниэль Соита эки арстандын ургаачысы үчүн кармашканына күбө болду.

Анын видеосу Maasai Sightings аталышындагы YouTube-каналга жүктөлгөн.

Видеонун авторунун айтымында, жырткычтар бири-бирине тууган келишет. Алар ургаачы арстандын айынан кармаша кеткен.

"Ургаачысына жагуу үчүн алар бири-бирин тытып салайын дешти", — деп жазган автор.

Беттеш учурунда жырткычтын бири качып кеткен, экинчиси ургаачысынын "көңүлүн" ала алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0