"Кадрдан генерал Сулейманинин өлүмүнө жооп катары Иран Американын базаларына ракеталарын учуруп жатканын көрүүгө болот", — деп жазылган видеонун астында.Американын Ирактагы Эйн-аль-Асад жана Эрбиле деп аталган аскерий базаларына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (4.20 Бишкек убактысы) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салды.
Кол салуудан 80 адам каза болгон. Азырынча АКШ бул маалыматты тастыктай элек. Президент Дональд Трамп "баары жайында" деп, кийинчерээк билдирүү жасарын айтты.
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.
Уюштуруучулар Акматалиевдин эркин күрөш боюнча спортчулардын арасынан ыкмаларды эң мыкты аткарганын айтышты.
65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен.Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.
Пекин бул жалгыз эле Кытайдын эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун пикири экенин билдирди. Ошону менен катар Россия менен Американы бири-бирин чектөөлөр менен кыйнай бербей, сөзгө келүүгө чакырды. Россия ТИМи Вашингтонго кандай жооп берерин да билдирди. АКШнын санкциялык тизмесине кирбеш үчүн "кимге иштеш" керек? Байден Путинге жайында жолугуп эмне тууралуу сүйлөшмөкчү?
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.
Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.
"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.
Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.
Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.