Мультфильмдегидей... АКШлык жигит өзгөчө ыкма менен сүйүктүүсүнүн колун сурады

539
(жаңыланган 12:44 10.01.2020)
Интернетке АКШлык жигит өзгөчө ыкма менен сүйүктүүсүнүн колун сураган видео тарап, кызуу талкууланып жатат.

CBS Boston басылмасынын билдиргенине караганда, жигит "Уйкудагы сулуу" жомогундагы ханзаада менен сулуунун ордуна өзү менен сүйүктүүсүн коюп, анимациялык тасманы өзгөртүп чыккан.

Манас аэропортунан сүйүктүүсүнүн колун сураган жигиттин видеосу
© Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосу
Мультфильмди көрүп кетүү үчүн жигит туугандары менен досторун 31-декабрь күнү Бруклиндеги Кулидж Корнер кинотеатрына чакырган.

Сценарий боюнча, тасмадагы ханзаада сулууну өпкөндөн кийин каармандар америкалык жигит менен анын сүйгөнүнө айланат. Ошол маалда ханзаада сүйгөнүнө сунуштаган шакекти бери көздөй ыргытып коет. Ал эми экрандын сыртында турган жигит сахна артынан ыргытылган шакектин кутучасын тутуп алып, жанындагы кыздын колун сурайт. Аягында кыздын макул болгонун көрүүгө болот.

Ролик YouTube тармагына 9-январь күнү жарыяланып, бир суткада 812 миң ирет көрүлгөн.

539
Белгилер:
ыкма, мультфильм, мамиле, жигит, кыз, АКШ
Тема боюнча
Жаш жигит колумду сурап жатат... Жалгыз бой аялдын каты
Психологдор "бир көрүп сүйүп калуу мүмкүнбү" деген суроого жооп табышты

АКШ Россияны "талиптер менен байланыш" үчүн опузалады. Ал эми ТИМ далил сурады

109
(жаңыланган 16:46 14.08.2020)
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эгерде талиптер менен байланыш аныкталып калса, Россияга анын баасын өтө кымбат төлөгөнгө туура келет деп опузалады.

Окуя Россия Афганистандагы террорчуларга америкалык аскерлерди өлтүргөнгө акча төлөйт деген маалыматты июнда The New York Times гезити жазып чыкканда башталган. Макалада эч кандай факты келтирилген эмес. Болгону куру сөздөр айтылган. Алар атайын кызматтын аталбаган маалымат булагынын айтканына негизделген. Россия ТИМи The New York жазган макала карандай калп экенин айтып, АКШдан далил талап кылды.

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

Америкалыктар мындай олуттуу билдирүү менен эмнени жашырганы, дегеле Россияны террорчулар менен байланыштыруу Трампка жардам бере алар-албасын биздин видеодон көрсөңүз болот.

109
Белгилер:
күнөө, талиптер, Россия, ТИМ, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү
Афганистанда бир нече теракт болуп, анын жоопкерчилигин "Талибан" алды. Видео
Афганистанда 20 киши набыт болду. "Ислам мамлекети" түрмөгө чабуул койду

Хабиб Нурмагомедовдун беттеш алдындагы маалымат жыйыны видеодо

207
(жаңыланган 16:21 14.08.2020)
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Gorilla Energ командасынын пландары жана алдыдагы беттеши тууралуу айтып берет.

Жеңил салмактын чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжи менен беттешке чыгат. Гэтжи 9-майда мекендеши Тони Фергюсонду уткандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон.

Аралаш мушташ спортунда 31 жаштагы Гэтжи 22 ирет жеңишке жетип, эки жолу утулган. Ал эми анын атаандашы Нурмагомедов 28 жолу октагонго чыгып, жеңилип көрө элек.

207
Белгилер:
беттешүү, UFC, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Шайтан алгыр! Сен-Пьер аны Нурмагомедов менен беттештирүү боюнча үн катты
Океанга чөктүрөм. Хабиб атаандашы Гэтжиге "тап берди"
Телефонго жүктөлгөн Telegram тиркемеси. Архивдик сүрөт

Көрүп сүйлөшсө болот. Telegram мессенджерине видеочалуу кошулду

0
(жаңыланган 10:55 15.08.2020)
Мессенджер жети жыл ичинде өзүнө 400 миллион активдүү колдонуучуну топтой алганын айтып, алардын суранычы менен видеочалууну киргизгенин билдирди.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Telegram мессенджери жети жылдык мааракесин утурлай видеочалуу кызматын кошконун РИА Новости жазды.

Азырынча функция Android OС базасындагы смартфондордун колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү экендиги белгиленди.

WhatsApp жаңы функцияны ишке киргизип жатат

"2013-жылы маалыматтарды коопсуз алмаша алган анча чоң эмес тиркемени иштеп чыктык эле. Азыр эми өсүп-өрчүп, өзүнө 400 миллион активдүү колдонуучуну топтой алды. Ушул тапта эл көптөн бери суранган кызматты кошуп жатабыз. Эми катталуучулар бири-бирин көрүп дагы сүйлөшө баштайт. Жакшы жери — видео аркылуу сүйлөшүп жатып эле аны экрандан нары жылдырып коюп, чатта жазыша берсе болот. Мындан сырткары, анимациялык быйтыкчалар дагы көбөйтүлгөн", — деп жазылган мессенджердин расмий блогунда.

Ошондой эле учурда Android түзүмүнөн тышкары iOS колдонуучуларына да видеочалууну киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.

Мындан сырткары, жакынкы күндөрү видео аркылуу бир нече адам бир убакта кошулуп сүйлөшө алгыдай мүмкүнчүлүктөр каралып жатат.

0
Белгилер:
чалуу, колдонуучу, кызмат, Telegram
Тема боюнча
Instagram: 25 билдирүүнү дароо өчүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралды
Telegram мессенджеринде жаңы функциялар пайда болду