Айбан болсо да... Маймыл токко урунган башка маймылды сактап калды. Видео

Жазылуу
Примат үйдүн чатырындагы токко урунуп, денеси карышып жатканда ага башка маймыл чуркап келип электр өткөргүчтөн чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Таң каларлык окуя 4-январда Кытайдын түштүк-батышындагы Гуйян шаарында болгон. Күбөлөр аны видеого тартып алган.

Кадрлардан үйдүн чатырынын үстүндөгү кондиционердин өткөргүчүн кармап алган маймыл токко урунуп, денеси карышып, жан далбастап жатканын көрүүгө болот. Бул убакта башка маймыл чуркап келип өткөргүчтү тарткылап, уруулашын куткарып калууга аракет кылган. Натыйжада экөө тең жерге кулап, жүгүргөн бойдон кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0