Дүйнө жүзү жабыркайт. Путин Жакынкы Чыгыштагы тиреш тууралуу

Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуудан кийин маалымат жыйыны учурунда Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу оюн айтты.

Россия лидери пикир келишпестик ири согушка айланып кетпейт деп үмүт артууда.

"Азыр ал жакта чакан масштабдагы согуш жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Тиреш болуп, кишилер өлүүдө. Бирок чоң согушка айланбайт деп ишенгим келет. Андай болсо Жакынкы Чыгыш гана эмес, бүткүл дүйнө жабыркайт", — деди Путин.

Анын айтымында, аскердик аракеттер Европа жана башка өлкөлөргө качкындардын агымын шарттайт.

"Бул гуманитардык, диндер аралык жана экономикалык ири көйгөйлөргө алып келет. Мында дүйнөлүк экономика, энергетика кыйроого учурайт", — деди Россия президенти.

АКШ — Иран

Флаги стран США и Ирана - Sputnik Кыргызстан
Чийинден чыгып кетишти. АКШ менен Ирандын тиреши күч алабы?
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

8-январга караган түнү Иран жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысында 4.20) Американын Ирактагы Эйн-аль-Асад жана Эрбиле деп аталган эки аскерий базасына баллистикалык ракеталар менен чабуул жасаган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу бул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин жар салды.

Кийинки маалыматтарда соккудан 80 кишинин каза тапканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0