АКШ менен Россиянын аскер кемелери кагышып кете жаздады. Видео

Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, америкалык кеме деңизде жүрүүнүн эрежелерин бузган. Бирок АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү россиялык моряктар кооптуу ыкма жасаган деп айыптоодо.

Интернет айдыңына Араб деңизинде Американын аскерий кемеси менен Россиянын чалгындоочу кемесинин кагышып кете жаздаган видеосу жарыяланды.

Россия Украинага чагымчылдыгы үчүн кармалган кемелерди өткөрүп берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Россия Украинага чагымчылдыгы үчүн кармалган кемелерди өткөрүп берди. Видео
Америка Россиянын Аскер-деңиз флотунун экипажы кооптуу ыкма жасады деп күнөөлөсө, Москва тескерисинче айтып жатат. РФ Коргоо министрлигинин версиясы боюнча, АКШнын аскерий кемеси кагылышууга аракет кылгандай түр көрсөтүп, деңизде жүрүү коопсуздугу боюнча эл аралык талаптарды бузган. Россиялык моряктардын өз убагында чеберчилик менен жасаган аракети эки кеменин кагылышуусун токтотуп калганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0