Алматыда Gelandewagen айдаган 6 жашар баланын атасы жазаланды. Видео

320
(жаңыланган 14:08 13.01.2020)
Алматыда Mercedes-Benz Gelandewagen үлгүсүндөгү автоунаанын рулун алты жаштагы баласына башкартып койгон киши айыпка жыгылды.

Sputnik Казакстан агенттигинин билдиришчинче, видео социалдык тармакка чыккандан кийин полиция реакция кылган. Кийинчерээк видео 2019-жылдын 20-ноябрында тартылганы белгилүү болду.

Кадрдан G-класстагы Mercedes-Benz жолтандабасынын рулуна жаш бала отуруп айдап кеткенин көрүүгө болот.

"Эгер бала машинаны окуу полигонунда айдаган чакта деле өзүнүн өмүрүнө коркунуч жаралган. Атасы муну түшүнүшү керек болчу. Айып салынгандан кийин ал баласын мындан ары рулга отургузбоого убада берди", — деп полициянын Алматыдагы департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Автоунаанын ээси күнөөсүн мойнуна алып, 132,5 миң теңге (23 500 сом) айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

320
Белгилер:
ата, айып, бала, айдоо, руль, Алматы
Тема боюнча
Бишкекте төрт жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу бир айдан кийин кармалды
Казакстанда үйдөгү зомбулук үчүн айып салуудан башка жаза каралмай болду

Кудум мышыктай! Май үчүн бактын чокусуна чыккан түлкүнүн видеосу

95
My-Mriya Crimea Wildlife YouTube каналында чочконун майына (сала) жетиш үчүн ийилген жука бутактардын башына чыккан куу түлкүнүн видеосу жарыяланды.

"National Geographic Россия" басылмасы жазгандай, окуя Крымда болгон. Анда фотограф, блогерлердин үй-бүлөсү короосундагы бакка чымчыктар үчүн чочконун майынан бир тилим илип коюшкан. Бирок тамакты чымчыктарга "аш" кылбай түлкү жеп кеткен. Блогерлердин айтымында, мындай учур биринчи ирет кайталанбагандыктан, алар атайын камера коюп, түлкүнүн майды алып кеткен учурун видеого түшүрүп калышкан.

Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.

95
Белгилер:
видео, май, тамак, түлкү, Крым
Тема боюнча
Аппак коён кар кишинин мурдуна коюлган сабизди жеп кетти. Элжиреткен видео

UFC уюмунда өзбекстандык мушкер кубаттуу муштуму менен атаандашын "бийлетти". Видео

634
(жаңыланган 13:41 24.01.2021)
Махмуд Мурадов атаандашы Эндрю Санчезди ээк тушка бир коюп, ал термелип, кулабай араң калды. Өзбекстандык мушкер тизе менен дагы бир ирет тээп чабуулду улантканда калыс беттешти токтотту.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандык мушкер Махмуд Мурадов UFC 257 мелдешинде америкалык Эндрю Санчезди техникалык нокаут менен утту.

​Орто салмактагы мушкерлер үч раунддук беттешке чыгышкан. Биринчи бөлүк лоу-кик, бири-бирине узатылган карама-каршы соккулар менен коштолду.

Үчүнчү раундда Махмудов каршы чабуул жасап, оң муштуму менен Санчезди ээк тушка бир койду. Термелип, кулабай араң калган америкалыкты дагы бир топ тепкилеп жибергенде беттешти токтотту.

Бул Мурадовдун UFC промоушениндеги удаасы үчүнчү жеңиши. Жалпы карьерасында 26 жеңиши бар.

Конор Макгрегор менен Дастин Порье UFC 257 мелдешинин эң башкы беттешинде кармашат. Биз онлайн-репортаж уюштуруп жатабыз.

634
Белгилер:
жеңиш, нокаут, UFC
Тема боюнча
Эртең кармашат! UFC Макгрегордун укмуштуу нокауттарын бир видеого сыйдырды
UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео
Тоолордогу аттар. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
25-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 25-январда, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында -1...-6 градус, Таласта 0...-5 градус болмокчу.  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын жылышы байкалып, термометр -1...+4 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот. 

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер борбор калаада -1...-3, түштүк борбордо  +1...+3 градус болорун айтышты.

0
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы