Кыштакка түшүп келген илбирстердин кыскача баяны. Видео

Жазылуу
Январь айында эки илбирс кыштактарга түшүп келген. Бирөөсү жарадар болсо, экинчиси картайганынан улам аңчылыкка да жарабай калган.

Ак илбирс – тоолордун падышасы - Sputnik Кыргызстан
Тоо падышасы – ак илбирс
Алгач бир илбирс 9-январь күнү Таластан табылды. Жарадар болгон жырткычты бакка чыгып алган жеринен тургундар кармап, ветеринарларга өткөрүп беришкен. Эки жашка да чыга элек илбирс Бишкекке алып келинип, операция жасалган. Бир жарым саатка созулган операция учурунда жаныбардын денесинен 60 чачма ок алып чыгышкан. Башынан эле 18 чачма ок табылган. Азыр анын ден соолугу калыбына келип жатат.

Экинчи илбирс Жумгалдан табылган. Адистер бул ургаачы жаныбар 11-12 жашка барып калганын айтышты. Улгайганынан улам аңчылык да кыла албай калган. Кашка-Суу айылына түшүп, кулунга кол салууга аракет жасаган жеринен иттер талап, сарайга кире качкан. Ал эми үй ээси тийиштүү органдарга кабарлаган. Бул илбирс дагы Бишкекке алып келинип, ветеринарлардын кароосунан өткөрүлдү. Андан соң жаныбарды Ананьево айылындагы реабилитациялык борборго жеткиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0