Анын формалдуу шылтоосу Иран менен конфронтацияны күчөттү. Анткен менен аналитиктер Вашингтондун саясий максаты башка деп боолголошту.
Бул туурасында кененирээк видеодон көрө аласыз.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
Түндүк Македониядагы уй фермада эки баштуу жана төрт көздүү музоо туулган. Бул тууралуу Wis TV телеканалы маалымдаган.
Видеодон эки баштуу музоо бир оозу менен сүт ичкенде экинчи оозу кошо кыймылга келип жатканын көрүүгө болот.
Фермердин айтымында, жаныбарды карап чыккан ветеринар музоонун органдары азырынча кадыресе, толук кандуу иштеп жаткандыгын билдирген.
Адистер полицефалия сейрек кездешерин, мындай болуп туулган жаныбарлар көпкө жашабай тургандыгын айткан. Анткен менен фермер музоону канча жашаса ошончо жыл бакканга даяр экендигин, ага болушунча кам көрөрүн журналисттерге билдирген.Полицефалия сүт эмүүчүлөр менен адам баласында жолугат. Эгерде эки эмбрион курсакта жатканда экиге бөлүнбөй калса, алардын эки мээси калыптанып, дем алуу жана тамак сиңирүү органдары бир болуп жарыкка келет. Адатта алар тез эле көз жумат, бирок узакка жашагандары да бар.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
"Дарыгер Мамбет Мамакеев "Спутник V" вакцинасын алгачкылардан болуп алды. Препараттын бул партиясы 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Ал эми биринчи этапка кирген топ мурдагыдай эле Кытайдын Sinopharm вакцинасын алуусун улантышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.