Кытайда жер оюлуп, эл ташыган автобус түшүп кетти. Жүрөк зыркыраткан видео

Жазылуу
Кытайдын Синин шаарындагы Цинхай провинциясында жер жарылып, анын кесепетинен эл ташып бара жаткан шаардык автобус түшүп кетти.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, окуя дүйшөмбү күнү саат 17.30дар чамасында Кызыл чырым уюмунун ооруканасынын жанындагы аялдамада болгон.

ДТП с двумя грузовиками на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Эки киши өрттөнүп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын видеосу
Окуя видеокамерага түшүп калган. Кадрдан аялдамада токтоп турган автобуска эл түшүп жаткан кезде жер жарылып кеткенин көрүүгө болот. Азырынча транспорттун ичинде канча адам болгону белгисиз.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, алты киши каза таап, дагы 10 адам дайынсыз болууда. Ооруканага түрдүү жаракат менен 15 адам түштү.

Куткаруу иштери уланып жатат. Жердин оюлуп кетишине эмне себеп болгону такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0