Баалуу кагаздардан кыргызстандыктар кандай пайда көрсө болот? Түшүндүрмө

Жазылуу
Финансы министрлиги өкмөт мамлекеттик баалуу кагаздарды тынымсыз чыгарып жатканын эскертип, анын пайдасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле кыргызстандыктар кантип алса болорун түшүндүрдү.

Финансы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздардын эки түрүн чыгарат.

Мамлекеттик казыналык вексель (МКВ) — кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу кагаздар. Бир вексель 100 сомго барабар. Жүгүртүү мөөнөтү бир айдан 12 айга чейин. Дисконтту жарандар номиналдык наркынан төмөн баада сатып алып, номиналдык наркы боюнча төлөйт. Ушунун эсебинен 4-5 пайыздык киреше түшөт.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлиги январда 1,3 млрд. сомдук баалуу кагаз чыгарат
Мамлекеттик казыналык облигация (МКО) — пайыздык кирешеге (купонго) ээ узак мөөнөттүү (1 жылдан ашык) баалуу кагаздар. Анын кирешелүүгү жүгүртүү мөөнөтүнө карап 6-11 пайыздык коюм менен аныкталат.

Мамлекеттик баалуу кагаздардын жөнөкөй депозиттерден артыкчылыгы катары коопсуздук, киреше, мамлекеттен төлөө кепилдиги каралган.

Финансы министрлиги баалуу кагаздарды өлкөдөгү коммерциялык банктардан акысыз негизде сатып алууга болорун белгилейт.

Ошондой эле бардык суроолор боюнча 62-53-13 (кошуу номеру 2015) телефон номери аркылуу же minfin.kg сайтынан маалымат алууга болорун эскертти.

Бул жылы өкмөт 15,5 миллиард сомго баалуу кагаздарды чыгарууну пландап жатат. Дал ушул каржы булагынын эсебинен мамлекеттин ички карызын төлөө каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0