Учурашып, сыйлап... Макгрегор Серроне менен көз караштар таймашына чыкты. Видео

Жазылуу
UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дональд Серроне менен беттешер алдында биринчи жолу көз караштар таймашын өткөрдү.

UFC 246 турниринин алкагында спорттук иш-чара Лас-Вегаста өттү. Видео MMA Fighting спорттук басылмасынын YouTube каналына жүктөлдү.

Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Көп ката кетирдим... Конор Хабиб менен беттешээрде ичип алганын айтып берди
Мелдештин өзү 18-январдан 19-январга караган түнү Лас-Вегаста болот. Кеченин башкы беттешинде Макгрегор менен Серроне беттешет.

Конор акыркы кармашын 2018-жылы 6-сентябрда өткөрүп, россиялык Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. ММА боюнча 21 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген.

Каршылашы Серроне да соңку мелдешинде жеңилүү ызасын тарткан болчу. Жалпысынан аралаш мушташта 35 жеңишти камсыздап, 13 жолу утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0