Кыргызстанды титиреткен авиакырсык. Дача СУдагы каргаша тууралуу видео

Жазылуу
Туура үч жыл мурун "Манас" аэропортунун жанындагы айылга жүк ташуучу учак кулаган. Кырсыктан 39 киши көз жумган.

16-январь кыргызстандыктардын жүрөгүндө өзгөчө күн катары сакталып калганына быйыл үч жылдын жүзү болду. Эртең мененки саат 7.17де жүк ташыган Boeing учагы турак үйлөрдүн үстүнө кулаган.

Дача СУ айылындагы учак кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек
Мамлекеттер аралык авиация комитетинин алдын ала берилген маалыматы боюнча, авиакырсык аба кемеси экинчи айлампага кирип жатканда болгон. Каргашадан Дача СУнун 35 тургуну жана экипаждын төрт мүчөсү каза тапкан.

Окуя бүтүндөй өлкөнү селт эттирди. Бир айдын ичинде жабырлануучуларга 88 миллион сом которулган. Дүйнөнүн булуң-бурчунан жылуу кийим-кече, акча, оюнчуктар келген.

Бир жылдан соң каргаша болгон жерге мемориал тургузулуп, набыт кеткендердин аты-жөнү чегилген. Кырсыкка ким күнөөлүү деген суроо ушул күнгө чейин жоопсуз турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0