Ургаачы арстандардын чабуулунан тепкиленип коргонгон акыранын видеосу чыкты

Жазылуу
Видео Түштүк Африка Республикасынын улуттук паркы Крюгерден тартып алынган. Кол салган жырткычтарга акыра айбат көрсөтүп коргонгон.

"Ургаачы арстандар бир нече саат бою биринен сала бири акыраны коркутуу менен аны алсыратууну көздөп, асыла беришкен. Улам барып эс алып келишип, кайра кол салып, шайын кетирди", — деп айтып беришкен окуянын күбөлөрү.

Туристтер "каршылашуунун" акыры эмне менен бүткөнүн көргөн эмес. Видео авторунун баяндоосунда, акырага сегиз жырткыч кол салган. Алар акыраны күн баткыча чарчатып, анан максатына жетүүнү көздөгөн. Арстандардын түнкү көрүүсү акыранын тепкилегенинен буйтоого пайда бермек.

Жаңылыктар түрмөгү
0