Алдастап, ары-бери чуркап... Кытайда жер титиреп жаткан учурдун видеосу

7727
19-январда Кытайда жер титирөө болуп, ал кыргызстандыктарга да сезилген. YouTube каналына Кытайдагы жер титирөө маалындагы элдин абалын көрсөткөн видео жарыяланган.

Очогунда жердин силкинүү күчүн бир маалыматта 6,4 балл десе, айрым жерде 6,5 балл деп көрсөтүшкөн. Ал Нарындан 210 километр алыстыкта жайгашкан Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун Цзяши аймагында катталган. Жер титирөө саат 19:28де (Бишкек убактысы боюнча) болгондугу айтылды.

CGTN телеканалынын маалыматына караганда, аталган кырсыктан улам бир адам каза болуп, эки адам жабыркаган. Видеодо шыптагы асма шамдар кыймылдап, кээ бир соода жайларында текчеде турган азык-түлүктөр кулап, шишелери талкаланган. Адамдардын шаша-буша сыртка чуркап чыгып жатканы тасмага түшүп калган.

Жер титирөө Бишкекте да сезилип, бул тууралуу шаардыктар да жазып чыгышты.

7727
Белгилер:
балл, Кыргызстан, жер титирөө, Кытай
Тема боюнча
Кытайдагы 6 баллдык жер титирөө Кыргызстанда да сезилди