Өрт аз келгенсип. Австралияны кумдуу бороон каптап, сел жүрүүдө. Видео

Жазылуу
Дээрлик жарым жылдан бери Австралиядагы ири өрт токтой элек. Соңку жумада өлкөдө кошумча дагы эки табигый кырсык катталды. Кумдуу бороон жана катуу мөндүр жаап, аймакты сел каптаган.

Кумдуу бороон өрттүн кесепетин тартып жаткан Жаңы Түштүк Уэльс штатын чулгады. Күбөлөр куюн калктуу конушту каптап, турак жайларды жана жолду жаап калганын видеого тартып алышкан. Жаракат алгандар боюнча маалымат жок. ЖМКлардын билдиришинче, мектептин имараты талкаланган.

Австралиялык өрт өчүргүч куткарылган коала менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өрттөнгөн, ис урган, жабыркаган жаныбарлар. Австралиядагы алааматтын 18 сүрөтү
Ага улай эле Виктория штатында көлөмү тооктун жумурткасындай болгон чоң мөндүр жаап, бир нече имаратты зыянга учуратты.

Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс штатында 2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрттөн 8,5 миллион гектар жер күйүп, миңдеген турак жай өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 26 адам каза болуп, миллиарддан ашык жан-жаныбар өлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0