Камап коёт деп корктум. Кызын көчөгө таштап кеткен эненин сурак берген видеосу

4877
(жаңыланган 18:48 21.01.2020)
Ош шаарында эки жашар кызын көчөгө таштап кеткен эне 22 күндөн кийин табылып, милицияга сурак берди. Анын айтымында, күйөөсү жана иниси үчөө көчөдө мас болуп уктап калышкан. Ошол себептен кызын жоготуп алган.

Бөбөктүн энеси Кызыл-Кыя шаарында 1992-жылы туулганы, учурда туруктуу жашаган жери жок экендиги белгилүү болду. Ал 22 күндөн кийин, 20-январда Ош шаарындагы филармониянын имаратынын алдынан табылган учурда дагы мас болгон. Ал эми бүгүн милицияга көрсөтмө берди.

"29-декабрь күнү кечинде көчөдө жолдошум жана иним үчөөбүз арак ичип отурганбыз. Кызымды жаныма жаткырып койгом. Биз мас болуп уктап калыптырбыз. Турсам кызым жок. Ошол жерде жашагандардан сурасам "милицияга бар" дешти. Кийин башка бирөө "барсаң сени камап коёт" деп коркутуп койду. Ошол үчүн келбей жүрө бердим", — деди аял.

Ал ошондой эле биринчи күйөөсүнөн төрт жаштагы уулу бар экенин, экинчи ирет турмушка чыгып азыркы кызын төрөгөнүн айтууда. Учурда аны энелик укугунан ажыратуу маселеси каралып жатат.

"Мен балдарымды өзүмө алуу үчүн аракет кылып жатам. Бүгүн арзаныраак батир карап келдим, жумуш да издеп жатам. Мен 7-8-класска чейин эле окугам. Ата-энем каза болгондон кийин балдар үйүнө түшкөм. 18 жашымдан кийин Ошто, Кызыл-Кыяда ашканаларда иштеп жүрдүм. Экинчи жолдошум менен Ош шаарындагы тегирменде иштеп жүргөн кезде кызым төрөлгөн", — деди эне.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 29-декабрында түнкү саат 01:30дар чамасында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан эки жаштагы бөбөк табылган. Жазык кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Кыздын энеси убактылуу кармоочу жайга киргизилген жок.

Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы учурда аялдын чоң уулу "Боорукердик" балдар үйүндө, карындашы реабилитациялык борбордо экенин билдирди. Аны энелик укугунан ажыратуу үчүн документтер даярдалып жатат.

4877
Белгилер:
аял, мас, бөбөктөр, эне, Ош
Тема боюнча
Ош: бир ай мурда көчөдөн табылган эки жашар бөбөктүн энеси кармалды. Сүрөт
Ысык-Көлдө бөбөк ооруканада чарчап калып, чоң энеси милицияга кайрылды

Улуу Ата Мекендик согуштун кылым жашаган ардагери видео куттуктоо

61
(жаңыланган 22:36 26.09.2020)
Улуу Ата Мекендик согуштун Бишкек шаарындагы ардагерин туулган күнү менен куттуктап Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюк келди.

Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат. Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.

  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ветеран Великой Отечественной войны Иван Николаевич Голиков, который отмечает 100 – летний юбилей
    Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.

"Фрунзе" заводунда жана Кажы-Сайдагы тоо-кенин байытуу комбинатында тогуз жыл иштеген. Согуштан кийин ал жерден советтик өнөр жай үчүн уран казышкан. Дагы 32 жыл Сибирде эмгектенип, ардагер эмгек жолун 77 жашында аяктаган. Сибирден кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Ала-Бука: согуштун 94 жаштагы эки ардагерине автоунаалар белекке берилди. Сүрөт

Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюк келди.

"Иван Николаевич, сиздин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мекенибизди жана башка европалык өлкөлөрдү бошотуудагы эрдигиңизди урматтайбыз. Азыркы заман үчүн сизге рахмат", — деп Сургаев ыраазылыгын билдирди.

Туугандарынын айтымына караганда, Иван Николаевич көп жагымсыздыкты алып келген согуш туурасында эстегиси келбейт.

Ардагер элчиликтин ар дайым көңүл буруп турганына жана бүгүнкү куттуктоосуна ыраазылыгын айтты.

61
Белгилер:
куттуктоо, КР элчилиги, Россия, ардагер, согуш, Улуу Ата Мекендик согуш, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

334
(жаңыланган 20:57 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлар үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6 килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

334
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу