Кар үйүлүп турбаганда... 9-кабаттан кулап түшкөн кыздын аман калган видеосу

Жазылуу
Россиянын Нижневартовск районундагы Излучинск айылында 9-кабатта жайгашкан үйдүн терезесинен кулап түшкөн кыз аман калды.

Кыздын кулап бараткан учуру сырттагы көзөмөл камерага жазылып калган. Видеону "Югория" телеканалы жарыялады.

Ажалы жок экен. Кытайда 30-кабаттан кулаган кишинин аман калган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Ажалы жок экен. Кытайда 30-кабаттан кулаган кишинин аман калган видеосу
Кадрлардан кыз кар күрткүнүн үстүнө түшкөнү көрүнүп турат. Сыягы ошол үчүн тирүү калгандай. Бирок үйүлгөн кар ай кайсы жакка чачырап кеткенинен жерге катуу эле кулаганын байкоого болот. Кыз бир нече секунддан кийин ордунан туруп басып кеткен.

Кошуналар Тез жардам кызматын чакырышкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Излучинск айылынын жашоочусу терезеге өзү чыгып алган.

Телеканалдын маалыматы боюнча, 27 жаштагы бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалашууда, өмүрүнө коркунуч жок.

Аталган факт боюнча тергөө комитети текшерүү жүргүзүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0