Жерге бир тийип, андан соң асмандап ала салды. Автоунаанын кырсыктаган видеосу

Жазылуу
Монте-Карлодо ралли боюнча дүйнө чемпионатында Hyundai командасынын айдоочусу эстониялык Отт Тянак катуу ылдамдык менен бара жатып, жолдон чыгып, бир нече ирет ала салып кетти.

Интернет айдыңына автоунаанын кырсыктаган учурунун кабинадан жана сырттан тартылган видеолору тарады.

Окуя YouTube каналына жарыяланды.

Катуу ылдамдык (саатына 170 чакырым) менен бара жаткан автоунаа жолдун айрылыш жеринен бир өткөндөн кийин четке сүрүлүп чыгып, ала салып кеткен. Темир тулпардын ала салганын, андан соң маңдайкы айнегинен капотунун талкаланып кеткендигин көрүүгө болот. Бирок айнек сынган эмес.

Бишкеский автослалом. Звание Drift King досталось японцам - Sputnik Кыргызстан
Франциялык айдоочу учак менен жарышты. Видео
Ал эми окуянын сырттан, жол боюндагылардын тартып калган видеосунда автоунаа абдан катуу ылдамдыкта келип, секирип, жерге урунуп, андан соң жолдун четинде өсүп турган жапалак арчалардын үстүнөн ала сала учуп барып, кулап түшкөн. Ошол жерде жолдун боюндагы төштө турган адамдар автокөлүктү көздөй чуркагандыгын көрүүгө болот.

WRC-Info экипаж жаракат албагандыгын, бирок дистанциядан чыгууга аргасыз болгондугун кабарлады.

Маалыматта Тянак жалпы эсеп боюнча төртүнчү орунда, атаандашынан 10 секундга артта бара жаткандыгы айтылган. 32 жаштагы Тянак WRC боюнча учурдагы чемпион.

Жаңылыктар түрмөгү
0