Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо

3818
Миңден ашуун улакчы бир талаага топтолуп элдин бүйүрүн кызытты. Чоң байгелер коюлгандыктан кан кайнап, аргымактар көбүк бүркүп кыл чайнашкан мелдеш болду.

Ишемби, 25-январда, Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү. Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген. Эрендер таптаган атынын күчүн ушул жерде сынап, байге алып жатышты. Алар 50 килограммдык торпок тартышты. Бир торпок оюндун орто ченине жеткенде экиге бөлүнүп калып, башкасына алмаштырылды.

Мындай болорун билип атайын экинчисин даярдап коюшкан.

Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Баш байге талашка түштү

Оюндун аягында башкы байгелер коюлуп жаткан. Мына-мына батир ойнотулат деп турганда Байыш Ниязов улакты жулуп чыгып ортодогу марага таштаган. Андан соң Акжол Кылычбек уулу эңип алып трибунанын алдындагы марага таштады. Мындан улам Ниязовго автоунаа, Кылычбек уулуна батир берилмей болгон. Бирок буга Ниязов нааразы болуп чыкты. Себеби ал машина эмес, батир ойнотулуп баштаганда салым жасаганын жүйө келтирген. "Демек кийинки салым эсепке алынбашы керек болчу" деп ортодо талаш жаралды. Акыры той ээси жана калыстар кеңешип, баш байгени экөөнө бөлүп берүүнү чечти.

Байгени тең бөлүшмөй болгон Акжол Кылычбек уулу 26 жашта. Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылынын кулуну. Ал батирге чейин байгеге эки төө, тай алган болчу.

Байыш Ниязов Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. "Достук" көк бөрү командасынын капитаны болуп жүргөн. Ал ушул эле оюндан бир автоунаа дагы утуп алды.

Ал эми Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч-Каптал айылынын тургуну Жоодар Жолчу уулу лимузин автоунаасына ээ болду.

Мындай ири аламан улакты Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрдү. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берди.

Оюндун эрежеси

Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы, алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.

Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, кийин сүннөткө отургузганда да ойнолгон. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү.

3818
Белгилер:
Кара-Суу району, батир, байге, аламан улак тартыш
Тема боюнча
Тоолуу Алтайда кыргыздар катышкан көк бөрү болду. Тарыхый мекенден тартылган сүрөттөр

Бел ашып, кар кечип жарык жандыргандар. Асманда иштеген энергетиктердин видеосу

389
(жаңыланган 03:21 03.06.2020)
3000 бийиктиктеги катмарлап каткан карды аралап, андан соң ашуунун дал чокусуна орнотулган электр линиясынын түркүгүнө чыгып, аны бир нече күндөп оңдоо жөнөкөй адамдардын колунан келе турчу иш эмес.

Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар, бирок төмөнкү видеодон кооптуулук менен коштолгон түйшүктүү иш процессин көрүүгө болот.

Бул — "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын Нарындагы энергетиктери Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдогон учуру.

Ал жерге адистер жолду кардан тазалап отуруп, эки күндө жеткен. Бул ишти аталган мекеменин Нарындагы филиалынын бригадасы жасады. Ошентип акырында энергетиктер Урумбаш-Жетиген деп аталган 110 кВт чыңалуудагы линияны оңдошту.

389
Белгилер:
кар, энергетика, Тогуз-Торо, Кыргызстан
Тема боюнча
Суу кечип, куюнда калып, Нарын суусунун үстүнөн зым тарткан энергетиктер. Видео

Москванын кезектеги "жазып-тайганы". АКШ Россияны башаламандыкка айыптоодо

365
(жаңыланган 12:42 02.06.2020)
Америка Кошмо Штаттарында афроамериалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган ири акциялар тынчый элек. Эркек киши Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында полиция колго түшүргөндөн кийин көз жумган.

Окуя элдин нааразычылыгын шарттап, массалык митингдер бир нече күндөн бери уланууда. Полициянын аракетин сындап чыккандар Миннеаполис, Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу ири шаарларда арбып, башаламандык жаралып, полиция менен кагылышуулар болуп жатат. Митингчилер дүкөндөрдү кыйратып, талап-тоноп, таштанды челектерди өрттөшүүдө.

Каршылык акцияларынын жүрүшүндө РИА Новости агенттигинин кабарчысы Михаил Тургиев да жабыркап, мындан улам РФ элчилиги Мамлекеттик департаментке нота жөнөттү.

Ал арада полицияга жардам иретинде АКШнын Улуттук гвардиясы да тартылды, бирок желим ок да, көздөн жаш чыгаруучу газ дагы элдин толкунун баса алчудай эмес. Ушундай окуялар болуп жаткан маалда Барак Обаманын экс-кеңешчиси Сьюзан Райс Россияны айыптап чыкты. Бул жолу Москва кайсы жерден "жазып-тайып" калганын биздин видеодон көрсөңүздөр болот.

365
Белгилер:
талап-тоноо, нааразы, митинг, башаламандык, айып, Россия, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди
Айылда киши жаңгак кармап турат. Архив

Адис: быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти

0
(жаңыланган 15:38 03.06.2020)
Өлкө аймагында жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда жана жапайы жаңгак болуп эсептелет.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти. Бул тууралуу парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

Ага депутат Абдывахап Нурбаев Кыргызстанда канча гектар жерге жаңгак тигилерин жана андан канча түшүм алынары боюнча суроо берген.

Шериповдун айтымында, өлкө аймагында жаңгак багынын жалпы аянты 42,5 миң гектарды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда жана жапайы жаңгак болуп эсептелет.

"Жылына бул аянттан 6 миң тонна алынат. Бирок климаттык шарттардан көз каранды. Жазда үшүк жүрсө, албетте, түшүм азаят. Мисалы, быйыл жаңгакты үшүк алып кетти", — деди Шерипов.

Маалыматка караганда, былтыр 6 миң тонна түшүм алынган, ал эми 2018-жылы 5,5 миң тоннага гана жетип калган.

Кыргызстан негизинен жаңгакты Европа мамлекеттерине, анын ичинде Түркияга көп экспорттойт.

0
Белгилер:
түшүм, үшүк, жаңгак, Жалал-Абад, Кыргызстан
Тема боюнча
Ичегинин иштөөсүн кайсы азыктар жакшыртат? Дарыгердин кеңеши