Bellator уюмуна өткөн Сайборг атаандаш аялдын сазайын берип, курун тартып алды. Видео

Жазылуу
Мурдагы UFC жылдызы Крис Сайборг беделдүү делген Bellator уюмунда дебюттук беттешин өткөрүп, дароо эле чемпиондук курга татыды.

Бразилиялык спортчунун уюмдагы алгачкы беттеши 25-январда Американын Инглвуд шаарында өттү. Анын атаандашы Bellator промоутерлик компаниясынын орточо жеңил салмактагы чемпиону, канадалык мушкер Жулия Бадд болду.

UFC 202 в Лас-Вегасе. Конор МакГрегор и Нейт Диас - Sputnik Кыргызстан
Конор Макгрегор мушкер Нейт Диасты үчүнчү беттешке чакырды
Сайборг беттеш башталганда эле күчтүү экендигин көрсөтүп, беттешкен адамынын шаштысын алды. Натыйжада төртүнчү раундда атаандашын техникалык нокаут менен жеңди

Эми 34 жаштагы спортчу ММА тарыхында эң көп наам алган мушкер болуп калды. Ал Bellator лигасынан тышкары Strikeforce, Invicta FC жана UFC курларын тагынган.

Белгилей кетсек, Сайборг UFC уюмунан президенти Дана Уайт менен пикир келишпестиктер жаралганда кетип калган. Уайт аны Аманда Нуньес менен реванш беттеш өткөрүүдөн качып жатат деп айыптаган. Бразилиялык мушкер ага кескин жоопторду кайтарып, кайым айтышканга чейин барган. Ал UFC уюмунда акыркы беттешинде Фелисия Спенсер, андан кийин Bellator менен келишим түзүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0