Ары тур! Баласын кызганган пилдин видеосу

314
АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего зоопаркына барган туристтер пилдердин жылмайткан окуясына күбө болушту.

Видео 2018-жылы тартылып, бирок жакында эле ViralHog YouТube каналына жарыяланган.

Роликтен пилдин баласы досунун жанына барганын көрүүгө болот. Кичинекей пилдер бири-бири менен ойногусу келгендей сыяктанат. Бирок баласын кызганган жаныбар кичинекей пилди түртүп, дөңдөн ары тоголотуп жиберген. Ары жактан ал пилдин апасы жардамга чуркап келген.

314
Белгилер:
оюн, жаныбарлар, пил
Тема боюнча
Таиланд: кичинекейин суудан алып чыгабыз деген беш пил өлүп калды. Сүрөт
Илбирс, каман, улар... "Чоң-Кемин" паркындагы жаныбарлардын сүрөтү
Жаалданган пил автоунааны артка сүрүп, капотун жулуп алган. Видео

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

61
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

61
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

410
(жаңыланган 03:04 10.08.2020)
Нааразычылык акциясы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон жүздөгөн адамдар Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турууда.

Эки тараптын кагылышуусунун видеосу Белоруссиянын TUT.BY. порталына жарыяланды.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонушкан.

Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратышууда, жабыркагандар бар. Видео

Милиция кызматкерлери агылган митингчилердин жоон тобунан бир нече жолу артка кетенчиктешкен.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы добуштардын 82 пайызын алгандыгы айтылган. Дагы бир талапкер Светлана Тихановская сегиз пайыз алган.

410
Белгилер:
видео, митинг, президенттик шайлоо, Минск, Белоруссия
Тема боюнча
Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

0
(жаңыланган 17:14 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

0
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн