Атаандашы тойго келгендей… Шевченко Чукагян менен тиктешкен видео

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг) чемпиону Валентина Шевченко америкалык Кетлин Чукагян менен көз караштар таймашын өткөрдү.

Мушкер кыздардын беттеши 9-февралга караган түнү Хьюстондо UFC 247 турниринин алкагында болот. Анда Шевченко чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргомокчу. Эреже боюнча мушкерлер кармашка бир күн калганда көз караштар таймашына катышат.

К предстоящему бою Валентины Шевченко опубликовано презентационное видео - Sputnik Кыргызстан
Шевченконун кезектеги беттешине карата презентациялык видео жарыяланды
Ага кыргызстандык спортчу жеңил футболка, жинсы шым, ботас кийип келгенин көрүүгө болот. Атаандашы чачын жазып, узун жеңдүү көйнөк жана бийик такалуу бут кийим менен келген. Алардын таймашы сый өткөнү байкалып турат. Адатта аралаш мушташта спортчулардын бири-бирине сес көрсөтөрү турган иш.

Шевченко чемпиондук курду 2018-жылы польшалык Йоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. Быйыл америкалык мушкерлер Жессика Ай менен Лиз Кармушту жеңип, наамын коргоп калган.

Ал эми атаандашы Чукагян ММА боюнча 13 беттешти утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0