Өрттөнүп, күлгө айланган үйлөр. Мушташ болгон казак айылынын азыркы көрүнүшү

Жазылуу
Коңшу өлкөнүн бийлиги өрттөнгөн үйлөрдү, окуядан жабыркагандардын документтерин кайра калыбына келтирип берүүнү убадалап жатат. Ошондой эле чыгымдарын да төлөп берерин айтышкан.

Массалык мушташ болгон Казакстандын Масанчи айылында жашоо акырындап калыбына келе баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады.

Сотрудники правоохранительных органов Казахстана стоят на страже после беспорядков в приграничных селах Казахстана. 8 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы жапырт мушташ эмнеден чыкканын ИИМ түшүндүрүп берди
Башаламандык учурунда качып кеткен айрым тургундар үйлөрүнө кайтып жатышат. Бирок турак жайлары талкаланып, автоунаалары өрттөнгөндүктөн аларды убактылуу мечит менен бала бакча имаратына жайгаштырышууда.

Бир нече шаарда гуманитардык жардам чогултула баштады. Окуяга көңүл кош карабаган адамдар жылуу кийим, төшөк жана балдарга жалаяк жыйнап жатышат. Бийлик өрттөнгөн үйлөрдү, жабыркагандардын документтерин кайра калыбына келтирип берүүнү убадалоодо. Ошондой эле чыгымдарын да төлөп берерин айтышкан.

"Биз силерди таштап койбойбуз, коопсуздугуңарды камсыз кылып беребиз. Үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп, мамлекет силерди коргойт", — деди Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев.

Кырдаал турукташкан, анткен менен Масанчиде полиция кызматкерлери, аскерлер күзөттө.

Окуянын чоо-жайы

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп, тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык автоунаасына таш ыргыткан.

Встреча муфтия Максатбека ажы Токтомушева с жителями села Ивановка - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Токтомушев жергиликтүү эл жана Кордайдан келгендер менен жолукту
Аталган мушташтан бир нече адам каза тапкан. Ал күндөрү Кордай тараптан Кыргызстанга чек арадан балдар, аялдар, улгайгандар өтүп, алардын бир нечеси Токмоктогу ооруканага жаткырылган. 9-февралда Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кеткен.

Кордайдагы окуя тартип коргоо органдарынын көзөмөлүнө алынып, окуянын кесепетин жоюу жана анын кантип чыкканын аныктоо максатында Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Бердибек Сапарбаев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Кийинчерээк Казакстандын Ички иштер министрлигинен Кордай районунун Масанчи айылындагы башаламандык кандай башталгандыгын айтып беришкен.

Касым-Жомарт Токаев 10-февралда Кордайдын акимин иштен алууну тапшырды.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулап, ага колдоо сөздөрүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0